АЗИЯ ОЮНДАРЫ
АЗИЯ ОЮНДАРЫ – эл аралык олимпиялык комитеттин колдоосунда өтүүчү Азия өлкөлөрүнүн комплекстүү ири спорт мелдештери. 1949‑жылы Делиде Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын конференциясында Азия оюндарынын федерациясы (АОФ) түзүлүп, уставы кабыл алынган. Ал 4 жылда бир жолу өткөрүлөт (Олимпиялык оюндардан 2 жыл өткөндөн кийин). АОФтун максаты: спорт оюндарын уюштуруу, өткөрүү, спорт аркылуу Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө. АОФго Афганстан, Бангладеш, Бирма, Индия, Индонезия, Ирак, Иран, Камбоджа, КЭР, Кувейт, Лаос, Ливан, Малайзия, Непал, Пакистан, Сингапур, Сирия, Таиланд, Түркия, Филиппин, Шри‑Ланка, Япония ж. б. өлкөлөрдүн Улуттук Олимпиялык комитеттери мүчө. Ага 1994‑жылдан Борбордук Азия өлкөлөрү да кошулуп, АОФ мүчөсү 43төн ашты (1996). Азия оюндарынын программасына жеңил атлетика менен сууда сүзүү спортунун түрлөрү сөзсүз киргизилет. Андан башка уюштуруу комитетинин ыктыяры боюнча спорттун 8ден кем эмес түрү белгиленет. Биринчи Азия оюндары 1951-жылы Делиде өткөрүлгөн. Анын программасына жеңил атлетика, велосипед спорту, баскетбол жана оордукту көтөрүү боюнча мелдештер кирип, 11 өлкө катышкан. Экинчиси 1954‑жылы Манилада (Филиппин), үчүнчүсү 1958‑жылы Токиодо өткөн. Андан кийинкилери 1962‑жылы Жакартада (Индонезия), 1966‑жылы Бангкокто (Таиланд),1970-жылы Токиодо (Япония), 1974‑жылы Тегеранда (Иран), 1978‑жылы Бангкокто, 1982‑жылы Нью‑Делиде, 1986‑жылы Сеулда, 1990‑жылы Пекинде, 1994‑жылы Хиросимада өткөрүлгөн, он экинчи Азия оюндарына КРдин курама командасы биринчи жолу катышып 23‑орунду ээлеп, 4 күмүш жана 5 коло медалга ээ болгон. 1998‑жылы Бангкокто (Таиланд) өткөрүлгөн Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы 3 күмүш, 3 коло медалга ээ болгон. 2002-жылы Азия оюндары Пуссан (Түштүк Корея) шаарында өткөрүлүп, Кыргызстан курама командасы 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медалды жеңип алган. 1990‑жылдан Азия оюндарынын кышкы түрү өткөрүлө баштаган. 2003‑жылы 29 өлкөнүн спортчулары катышкан 5-кышкы Азия оюндары Японияда өткөн.