АЗИЗ НЕСИН
АЗИЗ НЕСИН, Махмуд Н у с р е т (20. 12. 1915, Хейбелиада, Турция – 6. 7. 1995, Чешме, Турция) – түрк жазуучусу, сатирик. Көркөм искусство академиясында окуган. Көптөгөн аңгемелердин, романдардын автору, саясий жана социалдык сатиранын чебери. Азиз Несин «Боштондуктагы жиндилер»,«Кызмат адамы» аңгемелерин жазган. Ал түрк турмушунун терс жактарын «Өлгөн эшек» (1958), «Азамат» (1959) ж. б. чыгармаларында келекелеп жазган. Азиз Несиндин каармандары – майда чиновниктер, жолу болбогон интеллигенттер, жумуш таппай убайым тарткан карапайым адамдар болгон. Анын сатиралык «Футбол падышасы» (1957) «Зюбюк» (1961) аттуу романдары, «Иттин куйругу» (1958), «Тиги дүйнөдөн кат» (1960), «Сиздин саатыңыз нече болду?» (1970) китептери басылып, айрымдары кыргыз тилине которулган. Ал сатириктердин эл аралык конкурсунда «Хамди аттуу пил» (1956), «Казан азган» аңгемелери үчүн эки жолу «Пальма бутагы» менен сыйланган.