АЗАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЗАН (ар. изина – билдирүү, кулактандыруу, чакырык) – мусулмандарга парз болгон беш убак намаз учурун жарыялаган чакырык. Азан чакыр­ган адам – азанчы деп аталат. Азан бийик жерден же мунарадан чакырылат. Азанчы жүзүн Меке­ге (кыбылага) карай буруп, кулагынын көнчөгүн баш бармак же сөөмөй менен кармап, бийик үн менен жар салат. Алардын ар бири 3–4 жолу кай­таланат: «Алладан башка кудай жок, ал баа­рынан жогору. Мухаммед – Алланын элчиси. Алладан башка кудай жоктугуна күбөмүн, на­мазга ашыккыла! Күнөөдөн арылууга ашыккы­ла! Намаз уйкудан жакшы». Ал эми кыргыз сал­тында Азан каадасы өзгөчө орунда туруп, эзелтен эле кереметтүү, сыйкырдуу күч катары кабыл­дашкан жана жаңы төрөлгөн наристенин аты аталып, Азан чакырылган.