АЖЫБЕК баатыр

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЖЫБЕК Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑кылымдын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Ток­тобай белгилүү мүнүшкөр болгон. Анын уулда­рынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт каш­касы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик сан­жыра боюнча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-­Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–18‑жылдар). Бул жортуулдан 10–12 жыл өткөн соң гана 1831‑жылы Хаккула миңба­шы мындагы кыргыздарды жазалоо жана Кокон­го каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑жылы Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин та­лаасында, 1832‑жылы Аксайдагы Чычаардын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасын­да «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда сал­гылашуу болуп, Ажыбек баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑жылы Кенесары Касым уулу баштаган казактардын кыргыздар­га жасаган чапкынында Ажыбек баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан менен үзөңгүлөш жүргөн адамдар­дан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбай менен куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууга­ны Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кул­жа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылда­рын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алар­дан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан би­лимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑жылы Ажыбек баатырдын 200 жыл­дыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотул­ган.

Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.