АЖЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЖЫ – мусулманчылык парзын аткарып, Ме­кеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наа­мы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7-13үндө (хижра ай календарынын 12‑айы) Ме­кеге зыярат кылууга келишет. Шарият боюнча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. Ажылык парзын аткарып келген адамдарды ур­мат менен Ажы деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).