АЖЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЖЕК, К о м с о м о л – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ала­-Бука кыштагынан 46 км түштүк-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км аралык­та. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте. 1954‑жылы оту­рукташкан. Калкы 2 925 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, медпункт, китепкана бар. Те­гирмен, май жуваз иштейт.