АД-ДИМАШКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АД-ДИМАШКИ [толук аты-жөнү Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад Абу Талиб ал-Ансари ас-Суфи ад-Димашки (1256, Дамаск, Селжук мамлекети – 1327, Цфат (арабча Сафад) шаары, Мамлюктар султандыгы)] – араб географы; «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» (Кургактагы жана деңиздеги ажайыптардын мезгилин тандоо жөнүндө) аттуу энциклопедиялык эмгектин автору. Ысымы башка бир араб географы ад-Димашки (1301–1349) менен уйкаштыгы көптөгөн адашууларга жол бериши мүмкүн. Анын ысымы Шихаб ад-Дин Ахмед ибн Йахйа ибн Фадлаллах ал-Омари. Ад-Димашки деген кошумча ысым (арабча «нисба») Дамаск (арабча «Димашк») шаарында туулгандыгы үчүн берилген, бирок өзү тууралуу маалыматтар өтө аз. Бир аз убакыт Дамаскга жакын Ал-Рабва деген мечитте имам болуп турган. Кийинчерээк ислам дининие катуу берилип, такыба адамга айланган жана дербиш катары жер кезип, көбүнчө Кичи Азияны жана Африка континентинин түндүгүн кыдырып чыккан. «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» көп кырлуу эмгеги тогуз бөлүмдөн туруп, биринчисинде жер шары жети аймакка бөлүнүп, жыл мезгили, байыркы эстеликтер аталат. Экинчи бөлүмү минералдар жана асыл таштар; 4, 5, 6-бөлүмдөрү дарыя-деңиз-океандарга орун берилген. Ал эми кургактагы жерлер, өлкөлөр, шаарлар тууралуу маалыматтар 7, 8-бөлүмүндө айтылат. Булардан тышкары эмгекте физика, математика, теология, философия, география, этнография сыяктуу ж. б. илимдер да камтылган. Орто Азияга арналган бөлүмүндө Аму-Дарыя (Джейхун), Сыр-Дарыя (Сейхун), Волга (Итил), Каспий жана Арал деңиздери (Хазар жана Хорезм), ошондой эле кыргыздар (ал-хиргизийа), карлуктар (ал-харлухийа), кимактар (ал-каймакийа), огуздар (ал-гуззийа), печенегдер (ал-бажанакийа), тогуз огуздар (ал-тугузгузийа), калачтар (ал-каладжийа), кумандар (ал-куманийа), түргөштөр (ал-туркишийа), азкишилер (ал-азкашийа), хазарлар (ал-хазар), булгарлар (ал-булгар), буртастар (ал-буртас) тууралуу баалуу маалыматтар кезигет. Мисалы, Ферганадагы аймактарды сүрөтөөдө Памир, Тохарстан жана Рашт дарыялары Жейхунга куярын, аны менен бирге бул дарыялар кыргыздардын (хирхис) өлкөсүнөн башталып агып чыгарын эскертет.

Ад.: Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. Т. IV. М.-Л., 1957.