АДЫР кыщтагы
Jump to navigation
Jump to search
АДЫР – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Алга айыл аймагына караштуу. Кадамжай – Кан автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 33 км түштүк-батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 70 км, Алты‑Арык (Өзбекстан) темир жол бекетинен 7 км. Деңиз деңгээлинен 720 м бийиктикте. Калкы 1078 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.