АДЫРАШМАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДЫРАШМАН (Peganum) – жуп жалбырактуу­лар тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Адырашмандын 6 түрү белгилүү. Узун тамыры ылдый тик өсөт. Сабагы 25 смге жетет, өтө бутак­туу. Жалбырагынын узундугу 3‑6 см, майда тилкелүү, гүлү ак же саргыч, ар бир бутагынын учунда 2-3төн жайгашкан. Мөмөсү – тоголок кутуча, май, июлда гүлдөп, августта уругу бышат, уругу кара күрөң түстө. Топурагы шор өрөөндөрдө, короо айланасында, такырлар­да өсөт. Уругунан гар­мин, гармалин алка­лоиди алынат. Мал же­бейт. Кыргызстандын көп же­ринде кадимки Адырашман өсөт. Кургакчылыкка өтө чы­дамдуу. Илгертеден эл арасында дарылыкка

АДЫРАШМАН2.png

пайдаланышкан, өзгөчө малдын котурун дары­лоодо колдонулат. Тумоологон адам жаткан бөлмөнүн абасын тазартуу үчүн Адырашманды түтөтөт.