АДЪЮТАНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДЪЮТАНТ (лат. adjutans – жардамчы) –1) аскер башчыларынын тапшырмаларын атка­руучу офицер (прапорщик, мичман). Советтик Ар­мияда (1954‑жылга чейин) өзүнчө батальондордун (дивизиондордун) строй кызматы жагын баш­карган; 2) революцияга чейинки орус армиясында штабдагы иш жүргүзүүнү тейлеген офицер; 17–18‑кылымдарда орус императорунун тегерегиндегилерге берилүүчү аскердик чин. Генерал чининдегилерге г е н е р а л‑Адъютант, офицер чининде­гилерге ф л и г е л ь-Адъютант деген наам берилген; 19‑кылымда да Францияда полктогу унтер‑офицерлер менен капралдардын окуусу үчүн жооп берген офицер. Белгилүү окумуштуу Чокан Валиханов да Адъютант чинине татыктуу болгон.