АДЪЮНКТУРА
Jump to navigation
Jump to search
АДЪЮНКТУРА (лат. adjunctus – кошулган) – аскердик жогорку окуу жайларда (ЖОЖ), илимий-изилдөө мекемелеринде илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы; жарандык окуу жайларындагы аспирантуранын аналогу. Адьюнктураны аяктап, диссертация коргогондор илимдин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болушат.