АДСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДСОРБЦИЯ (лат. ad – үстүнө, sorbere – соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттардын (адсорбаттын) суюктуктун же катуу зат­тын (адсорбенттин) бетине сиңиши. Адсорбат менен адсорбенттин молекуласынын өз ара ара­кеттенишүү мүнөзүнө жараша физикалык Адсорбция жана хемосорбция болуп бөлүнөт. Физикалык Адсорбцияда адсорбат менен адсорбенттин молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү өтө начар болот. Хемосорбция убагында адсорбат менен адсорбенттин ор­тосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болушу мүмкүн. Адсорбцияланган молекулалардын кайра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Бел­гилүү убакыт бирдигинде Адсорбцияланган (же десорб­цияланган) молекулалардын саны Адсорбциянын ыл­дамдыгын туюнтат. Температуранын жогорулашы Адсорбцияны төмөндөтүп, хемосорбцияны күчөтөт. Адсорбция менен десорбция ылдамдыгы теңелгенде, Адсорбциялык тең салмактуулук пайда болот. Адсорбцияланган мо­лекулалар кээде десорбцияланганга чейин ад­сорбитенттин бетине кармалып турган мезгил Адсорбция убактысы деп аталат. Адсорбанттын концент­сы же басымы көбөйгөндө адсорбанттын моле­куласынын адсорбенттин бетине жабышуусу тездейт, ага байланыштуу Адсорбция ылдамдыгы өсөт ж‑a Адсорбцияланган молекуланын тең салмактуулук саны көбөйөт. Адсорбция процесси көпчүлүк учурда жы­луулук бөлүп чыгарып, ал Адсорбция жылуулугу деп аталат. Техникада адсорбент катары активдүү көмүр, А1203, цеолиттер, силикогелдер колдонулат. Ар кандай газдарды жанa суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис., этил спир­тин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), химия өнөр жайында, медицинада, кездеме боёодо, по­лиграфияда, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.

Ад.: Дубинин М. М. Адсорбция и пористость. М.,1976; Асанов Ү. А., Сатыбалдиев А., Жуманазарова А. 3. Физикалык химия. Б., 2000.