АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1829) Россия менен Осмон империясынын орто­сундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы менен түзүлгөн келишим. 1829‑жылы 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне шаары) шаарында 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим боюнча Дунайдын Чаты ааралы менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань дарыясынын чатынан Ажа­риянын түндүк чегине чейин, ошондой эле Ахалкалаки жана Ахалцик чептери чет жакасы менен Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болуш­кан. Адрианополь тынчтык келишимин түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда соо­данын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закав­казьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бо­шонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.