АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЧАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЧАРА – укук норма­ларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйга­рым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулган администрациялык жаза. Администрациялык чара жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, администрациялык укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезиминде тарбиялоо, ошондой эле укук бузуучунун өзүн ж. б. адамдарды жаңы укук бузуулардын алдын алуу максатында колдонулат. Администрациялык укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда жасалган укук бузуунун күнөө даражасы, мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жанa оордотуучу жагдайлары (мүнөзү, күнөө даражасы, мүлктүк абалы) эске алынат.