АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ а й м а к т ы к ‑ б а ш к а р у у б и р д и г и – мамлекеттердин аймактарын бөлүктөргө – облустарга, провинцияларга, гу­бернияларга, департаменттерге ж. б. ажыратуу; мамлекеттик механизмди, айрыкча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында уюштурулат. Ал мыйзам тарабынан жөнгө салынып, эң маанилүү жактары конституцияда бекитилет. Администрациялык-аймактык бөлүнүштү түзүүдө экономикалык жана географиялык факторлор, социалдык, ком­муникациялык, маданий жана тарыхый салттар, ошондой эле этностук фактор да эске алынат. Мисалы, Финляндияда финн жана швед тилдеринде сүйлөгөн калктар жашаган губернияларда мүмкүн болушунча бир тилдүүлүк принциби сак­талган. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөр бир звенолуу (Андорра, Литенштейн общиналары), эки звенолуу (Нидер­ланд провинциялары жана муниципалитетте­ри), үч звенолуу (Испаниянын автономиялык жамаатташтыгы жана муниципалитеттери), төрт звенолуу (Италия облусу, метрополитен шаарла­ры, провинциялары жана коммуналары) сис­темаларга ажырайт. Чакан өлкөдө бир гана Администрациялык-аймактык бөлүнүш болушу мүмкүн (мисалы, Монако князды­гы). Айрым өлкөлөрдө (Армения, Австрия, Болгария) Администрациялык-аймактык бөлүнүштөрүнүн бардыгында эле жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу органдары түзүлө бербейт. Мисалы, Болгарияда община – негизги администрациялык-аймактык бирдик, анда жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу ишке ашырылат; ал эми облус – региондук саясатты жүргүзүүчү, жер‑жерлерде мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, улуттук жaна жергиликтүү кызыкчылык­тарды эске алып, тең салмактуулукту сактоочу администрациялык-аймактык бирдик болуп саналат. Россияда администрациялык­ аймактык түзүлүшү РФтин субъектилеринин мыйзам­дары боюнча жөнгө салынып, администрациялык-аймактык бирдик­тери түрдүүчө аталат: край шаарлары, райондор, райондук шаарлар, шаар райондору, айыл кеңештери (бир нече айыл‑кыштакты камтыйт), посёлоктор (жумушчу, курорт, дача посёлок­тору). Кыргызстан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктерге бө­лүнөт: облус, район, айыл өкмөтү, шаар (шаар району кошо), шаарча (2012‑жылдан дээрлик бардыгы жоюлган) жанa айыл‑кыштак. Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык өзгөрүүлөрдү киргизүү ма­селесин Жогорку Кеңеш чечип, Республиканын Президенти Жарлык (Указ) чыгарат. Администрациялык-аймактык бир­диктердин чек араларын аныктоодо калктын пикири эске алынат.

. Ө. Бараталиев.