АДЛЕР
АДЛЕР Альфред (7. 2. 1870, Вена – 28. 5. 1937, Абердин, Шотландия) – австриялык врач‑психиатр жана психолог. Ал Вена университетин бүткөндөн кийин врач болуп иштеген жана 3. Фрейддин окуусун жактап чыккан. 1902‑жылы 3. Фрейд уюштурган психоаналитикалык коомго кирген. Адлер 1911‑жылы Фрейд менен кол үзүп, өз мектебин – «жеке (индивидуалдуу) психологияны» негиздеген. Адлердин бул мезгилдеги эмгектери негизинен невроз проблемасына, органикалык деффекттердин, тубаса кемтиктердин инсандын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Психопатологиянын маалыматтарына таянып, компенсациялоо (толуктоо) жөнүндөгү окуусун жараткан. Инсандын өнүгүүсүнүн универсалдуу булагы Адлер боюнча адамдын азап чегишинен, ызасынан келип чыккан кембаа, сезим өксүк. Ал ар адамдын артыкчылыкка, позитивдүү өнүгүүсүнө умтулуусун туудурат, аны «бийликке карата» эрк деп белгилеген. Мына ушундай умтулуунун натыйжасында өксүгү толукталат, мисалы, эгер адамдын денесинде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социалдык артыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өнүктүрүүгө. спорт менен машыгууга ж. б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт. Чечендик өнөрү менен даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала чагында кекеч болгон. Улуу аскер башчылары, мамлекеттик саясий ишмерлер: Суворов, Ленин, Сталин, Наполеон, Рузвельт орто же кыска бойлуу адамдар болушкан. Адлер тарабынан сунуш кылынган «өксүк комплекси» түшүнүгү илимде, коомдук аң‑сезимде кеңири тараган.
Т. Эсенгелдиев, Р. Амираев.