АДИНАМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДИНАМИЯ (гр. adynamia – алсыздык) – эс‑акылдын, психиканын, кыймыл системасынын начарлашынан күч‑кубаттын өтө төмөндөшү. Адинамия жугуштуу ооруларда, гипоксияда, эндокрин безинин иши, көбүнчө борбордук жана четки нерв системасында, булчунда зат алмашуу бузулганда болот. Aдинамияда активдүүлүк азайып, энергия аз сарпталып, орган жана ткандарга кан жетишсиз келип, кычкылтек менен камсыз болуу начарлайт, капиллярларда кан жай агат. Кыймылсыздыктан булчуң кичирейип, сөөк ичкерип бузулат. Сөөктүн курамындагы кальций азайып, зат алмашуу бузулгандыктан май ткандары көбөйөт. Мында адам тез чарчайт, жүрөк булчуңунун жыйрылуусу төмөндөйт. Адинамия жаш дененин өсүшүн токтотот, адамды эрте картайтат. Оорунун кесепетинен болгон Aдинамияда атайын айыктыруучу дене тарбия көнүгүү комплекси сунуш кылынат.