АДИАБАТА ПРОЦЕССИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДИАБАТА ПРОЦЕССИ – системада тышкы чөйрө менен жылуулук алмашпастан өтүүчү термодинамикалык процесс. Адиабата процесси жылуулук өткөрбөөчү (адиа­баталык) катмардуу системаларда болот. Мисалы, тышкы чөйрө менен жылуулук алмашууга үлгүр­бөй турган системада өтө тез өтүүчү процессти, вакуумдагы зат менен жүргүзүп жаткан тажрый­баны Адиабата процесси деп айтсак болот, себеби, идиштин ичи сырткы чөйрөдөн жылуулук өткөрбөйт, ошондой эле жогору көтөрүлгөн аба атмосфералык басымдын ыл­дыйлашы менен адиабаталык кеңейет. Бул абанын муздашына алып келет. Адиабата процесси кайталаны­шы (Кайталанма процесс) жана кайталанбашы (Кайталанбоочу процесс) мүмкүн. Адиабата процесси негизинен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көз каранды. Ал изотерма процессинен айырмаланып, турактуу температурада өтөт.