АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ, н у к л е о т и д д е р – аденозинмоно-, ди- жана три­фосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын жана бир молекула фосфор кислотатасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ ри­бонуклеин кислоталарынын жана АТФнын гидролиз­денишинен пайда болот. Ал тирүү организмдер­дин жашоосунда негизги ролду аткарып, та­таал биологиялык бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин кислоталарынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 ) – адениндин, рибозанын жана эки молекула фосфор кислотасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын жана үч молекула фосфор кислотасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ фер­менттердин жардамы менен гидролиздөөдөн алы­нат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Химиялык курамы боюнча нуклеотиддерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет.

                                                                                      С. А. Адылов.