АДЕНАУЭР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДЕНАУЭР Конрад (5. 1. 1876, Кёльн, Герман империясы – 19. 4. 1967, Бад‑Хоннеф, ГФР) – Германиянын саясий жана мамлекеттик ишмери ГФРди негиздөөчүлөрдүн, анын Негизги мыйзамынын (конституциясынын) авторлорунун бири. 1917–33‑жылдары Кёлнь шаарынын обер‑бургомистри, 1920–32‑жылдары Пруссия Мамлекеттик кеңешинин төрагасы, Веймар Республикасынын (1919–33) тушунда «Ортолук» партиясынын көрүнүктүү ишмери болгон. Фашисттер бийликке келгенден кийин Аденауэр мамлекеттик кызматтардан четтетилип, 1944‑жылы Гитлерге каршы козголоңдон кийин камакка алынган. Согуштан кийин Аденауэр ГФРдин алгачкы федералдык канцлери (1949–63), тышкы иштер министри (1951–55) болуп иштеген. Хрис­тиан‑демократиялык союздун (1946) негиздөөчүлөрүнүн бири жана 1950‑жылдан анын төрагасы. Аденауэр согуштан кийинки Германиянын экономикасын өнүктүрүүдө жана демократиялуу мамлекетке айландырууда зор салым кошкон. Анын башкарган мезгили ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталып калган.

	                                                                                 А. Орозов.