АДЕЛАИДА шаары

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДЕЛАИДА – Австралиянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан порт шаар; Түштүк Австралия штатынын админстративдик борбору. Калкы 1,2 млн (2011). Торренс дарыясынын боюнда, Сент‑Винсент булуңу­нун жээгинде, Маунт‑Лофти кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Машина куруунун жана шарап жасоонун ири борбору. Нефть ажыратуу, химия, тамак‑аш, жеңил өнөр жайы, университет, обсерватория, 3 музей, анын ичинде сүрөт галереясы бар. 1836‑жылы негизделип, англиялык король Уильям IVнүн аялы королева Аделаиданын урматына аталган.

АДЕН

АДЕН – Йемен Республикасындагы шаар; Аден мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 800 миң (2008). Араб деңизинин Аден булуңундагы транзиттик порт (жылына млн тонна жүк ташылат). Өлкөнүн экономикалык жана соода борбору. Экономикасынын негизин Суэц каналы аркылуу өткөн кемелерди тейлөө түзөт. Баб‑эль‑Мандеб кысыгына жакын жайгашкан. Эл аралык аэропорту бар. Нефть ажыратуу, кеме ремонттоо, текстиль, тамак‑аш өнөр жайы, университет иштейт. Сыртка нефть, айыл чарба продуктулары, балык сатылат. Байыркы убактан эле грек, рим географтарына Адана же Асана деген ат менен белгилүү. 1839–1967‑жылдары – Улуу Британиянын ээлиги болгон.