АДДИС-АБЕБА
АДДИС-АБЕБА (амхарча – жаңы гүл) – Эфиопиянын борбор шаары; өзүнчө администрациялык бирдик. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосунда, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 5461 миң (2023). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту менен байланышат. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. 1887‑жылы император Менелика II тарабынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркыдай аталат. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, университет иштейт. Кустардык жол менен кездеме токулат, булгаары жана башкалар чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Университет, археологиялык жана айыл чарба илимий-изилдөө институту, музей, Улуттук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑кылымдардагы архитектуралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең 19‑кылымдын аягы) жана башкалар сакталган. Аддис-Абебада эл аралык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жайгашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экономикалык комиссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963-жылдан иштейт; 1963–2000‑жылдан – Африка биримдиги уюму).