АДГЕЗИЯ
АДГЕЗИЯ (лат. adhaesio – жабышуу, чапташуу) – түрдүү тектеги конденсацияланган заттардын молекулалары тийишкенде пайда болгон байланыш. Адгезия молекула аралык аракеттенүү жана химиялык байланыш менен ишке ашат. Адгезиялык бекемдик заттардын байланыш энергиясына, тийишкен беттердин рельефине, фаза аралык беттик энергияга, шартына (басым, температуpa, убакытына ж. б.) жараша болот. Адгезиялык тийишүүнүн бузулушу заттардын бузулушу менен коштолот. Беттери тегиз эмес катуу заттарда тийишүү бети аз, ошондуктан Адгезия анча бекем эмес. Ал эми катуу зат менен суюктуктун же аралашпаган эки суюктук беттери толук тийишкендиктен Адгезиялык байланыш жогору болот. Катуу затты суюк полимер менен жапканда полимер чуңкурларга, тешиктерге кирип, ал катканда механикалык Адгезия пайда болот. Сапаттуу Адгезияны алуу катуу заттардын жумшак же ийилгич абалында басым алдында жүргүзүлөт. Мисалы, резина чаптоо, металлды муздак ширетүү, гальваникалык каптоо, заттын бетинде кычкыл же сульфид катмарынын пайда болушу да бекем Адгезияны жаратат. Адгезияны жакшыртуу үчүн желимдин же пленка пайда кылуучу полимерлердин курамына активдүү кошулмаларды да кошот. Металлды ширетүү, данакерлөө, каңдоо, чайкоо, бетине лак жабуу, чаптоо ж. б. иштер Адгезияга негизделген.
Ад.: Дерягин Б. В., Кротова Н. А,, Смилга В. П. Адгезия твердых тел. М., 1973; Зимон А. Д.Адгезия пыли и порошков. 2‑изд. М., 1976; Что такое адгезия. М., 1983.