АДВОКАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДВОКАТ (лат. advocatus – чакырамын) – жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (консультация, соттолуучунун таламы үчүн өкүлдүк кылуу), айыпталуучуну коргоого адистешкен укуктук жардам берүүчү адис. Адвокаттык иш жүргүзүү укугу­на лицензиясы бар жарандар Адвокат болуп эсепте­лет. Лицензияны жогорку юридикалык билими бар, бир жылдан кем эмес юридикалык иш тажрыйбага ээ жана атайылап кылмыш жасап соттолбогон КРдин жарандары Юстиция министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясынын экзаменинен ийгиликтүү өткөн адам гана алууга укуктуу. Мындай лицензияны прокуратурада, ИИМде, УККМда, Сотто, Президентинин администрация­сы менен Премьер‑министринин аппаратында, ошондой эле КР ЖКнын юридикалык бөлүмдөрүндө беш жылдан кем эмес иштеген кызматкерлерге, КР ЖКнын депутат‑юристтерине экзамен тапшыруусуз эле берилет. Aдвокаттар жана алардын жардамчылары мамлекеттик кызматта болуусуна жол берилбейт, ошону менен бирге аларга окутуу­чулук, илимий жана башка чыгармачыл иш жүргүзүүгө уруксат. Адвокаттын өз кардары менен жашыруун баар­лашуусун камсыздай турган кесиптик Адвокаттык сыры болушу мүмкүн. Аны сактоо – Адвокаттын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, үчүнчү жактардын мыйзамдуу милдети. Адвокат коргоочунун же өкүлдүн милдетин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар боюнча күбө катары суракка алынбайт. Адвокаттык сырды түзгөн маалыматтар жарандык, административдик жана кылмыш‑жазык процессте­ринде далил катары пайдаланылышы дагы мүмкүн эмес.

                                                                                                                Ч. И. Арабаев.