АДВЕНТЙКА ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius ­келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калып­танып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мисалы, адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабак­тын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жал­быракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр систе­масын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.

                                                        	                                                                       А.Мурсалиев.