АДВЕНТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДВЕНТИЗМ (лат. adventus – келүү) – АКШда 1830‑жылы пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптисттердин үгүттөөчү Уильям Миллер (1782–1849) тарабынан негизделген. Ал 1843‑жылы Биб­лияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу ке­лишин аныктаган жана анын пикири боюнча ал дата 1843–44‑жылдар аралыгы болгон. 1843‑жылы Миллер­дин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Мил­лердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845‑жылы Олбаниде (Нью‑Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздө­рүнүн ассоциациясын түзүшүп, диний догмат­тарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири боюнча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши менен коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөө­лүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтар­ды талкуулоодо пайда болгон ич ара пикир ке­лишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетиш­кен, анын ичинде эң ириси Жетинчи күндүн адвентист­тери. Мындан тышкары Кудайдын чиркөөсү, Жашоонун жана келүүнүн союзу ж. б. Адвентист­тик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссио­нердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк менен жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш жана табият кыр­сыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсө­түүдө БУУ менен бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар жана санаторий­лерди керектүү дары‑дармек, каражат менен кам­сыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар.