АДВЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДВЕКЦИЯ (лат. advectio – жеткирүү) – 1) M e ­т е о р о л о г и я д а – абанын горизонталдык багыт боюнча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык Адвекция, жылуу же муздак Адвекуция, суу буусунун Адвекциясы жана башкалар деп ажыратылат. Адвекциянын таасиринен аба ырайы өзгөрөт. Мисалы, тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот.

2) Г е о л о г и я д а – тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса Адвекция жүрөт. Мисалы, туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.