АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ 1) өзгөчөлөнгөн экологиялык шарттарга мүнөздүү тиричилик мейкиндигинин белгилүү бир тиби (мисалы, деңиз, тузсуз суулар, кургактык, топурак). Бул тиричилик топтору­нун жашоо чөйрөсү болуу менен бирге, аларда адап­тацияны пайда кылат; 2) белгилүү бир организм­дер топторун мүнөздөөчү адаптациялык жөн­дөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы (мисалы, канаттуу­лар классы, жыландар түркүмү ж. б.). Адаптация зонасынын алмашышы менен макроэволюциялык кайрадан түзүлүүлөр жүрөт.

(макала алмашат)