АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ – 1948‑жылы 10‑декабрда БУУ­нун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алын­ган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн конституция жанa мый­замдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларациянын бирин­чи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз карашта­рына карабастан эркиндигин жанa теңдигин жа­рыяланган. 3–21‑статьяларында экономикалык, социалдык жанa маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдетте­ри тууралуу айтылат, ошондой эле декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук жанa эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилет­тиктин жанa бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын не­гизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башы­на эч кимдин кол тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, ка­таал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке жанa үй‑бүлөлүк турму­шуна, турак жайына, кат жазышуунун жашы­рындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы менен беделин коргоого укуктуу жанa ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, ошондой эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги жөнүндө да айтылган. Алар: ой­-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги жанa аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш менен шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга жанa жа­шоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын барды­гынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиленет.
М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.