АДАМ УКУКТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМ УКУКТАРЫ – адамдын мүдөөлөрүн мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. Адам укуктары табигый жанa социалдык болуп экиге бөлүнөт. Табигый укуктар – адамдын тиричилигинен ке­лип чыккан (мисалы, өмүр сүрүү, эркиндикке же­тишүү, керт башынын кол тийбестиги ж. б.) укуктары. Социалдык укуктар – адамдын мамле­кет менен өз ара аракет процессинде пайда болгон (мисалы, билим алууга, эмгектенүүгө, бакубат өмүр сүрүүгө, жарандык алууга, сот адилеттигине баш ийүүгө, эркин жүрүп‑турууга, мүлккө ээ болууга укуктуу). Адам укугунун жоболору улуттук деңгээлде Конституцияда жанa мыйзам актыларында (мисалы, жарандык Кодексте, кылмыштык Кодексте, Жар­лыктарда ж. б. атайын мыйзамдарда) каралган. Эл аралык деңгээлде Адам укугун коргоо Адам укугу жөнүндөгү эл аралык чечимдерге негизделген, ага Адам укуктарынын жалпыга бирдей Декларациясы (10.12. 1948), Экономикалык, социалдык жанa маданий укуктар тууралуу пакт (12. 12. 1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пакт (19.12.1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пак­тынын экинчи факультативдик тиркемесинде (19. 12. 1966) көрсөтүлгөн. Адам укугу эл аралык кон­венцияларда иштелип чыккан адам укуктарын коргоого, кадыр‑баркын кемсинтүүнүн бардык түрүн жоюуга, адамды барымтага кармоого каршы күрөшүүгө, апартеиддик кылмыштардын жо­лун бөгөп, ал үчүн жаза белгилөөгө ж. б. ба­гытталган. Адам укугун эл аралык деңгээлде коргоо жанa көзөмөл иши Эл аралык эмгек уюмуна, ЮНЕСКОнун Маданият менен билим тармагын­дагы Шериктештик уюмуна, Ден соолукту сак­тоо уюмуна жүктөлгөн.