АДАМЗАТТЫК КАПИТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМЗАТТЫК КАПИТАЛ – адамдын экономикалык, социалдык ж. б. жыргалчылыктарга жетүү үчүн пайдаланылуучу билимин жана энергиясын, инновациялык потенциалдарын бириктирет. Адамзаттык капитал аны өнүктүрүүгө кеткен сарптоолор менен түздөн-түз байланышкан. Ал материалдык эмес өндүрүштүн инвестициялык тармагы катары каралат.