АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ – мам­лекеттин белгилүү шарттарда адамга кайсы бир даражада материалдык убай көрүүгө мүмкүнчү­лүк берүүчү конституциялык укуктарынын жы­йындысы. Адамдын социалдык укуктарына социалдык камсыздоо, билим алуу, саламаттыгын сактоо, медициналык жардам алуу, турак жайга болгон укуктары, балдар менен эне­лердин, майыптардын өзгөчө укуктары кирет. Адамдын социалдык укуктары конституциялык деңгээлде дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бекитиле элек. Алар алгач азыркы көз карандысыз шериктеш мам­лекеттердин конституцияларында бир кыйла толугураак жарыяланган. Айрым өнүккөн де­мократиялык (ГФР, Франция, Италия), ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Монголия, Болгария, Венгрия, Албания, Бириккен Египет Республикасы ж. б.) конституциялык деңгээлде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана бекемделе баштаган, бирок алардын реалдуу гарантиялары, сот тарабынан корголушу көрсөтүлгөн эмес. Адамдын социалдык укуктары өз алдынча болбостон конституциялардын социалдык, экономикалык саясатынын негизги принциптерине арналган айрым бөлүктөрүндө жайгаштырыл­ган.

М. Керимбаев.