АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ (АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-жылы Париждеги Л. Пастер атындагы илим-изилдөө институтунун профессору Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү менен ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда профессор Галло жана жардамчылары бул вирусту ИЖОС менен ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК менен ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, генетикалык маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-жылы анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара генетикалык белгилери менен айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) менен аталат. Гомосексуалдардын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу менен жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кылат. Жы­ныс жолу менен жугузгандарда көбүнчө В‑субти­би кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдам­сыз, жылуу жерде 10‑30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн температурасы 56°тан жогорулаганда өлөт. Химиялык заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организминде гана жашоого, көбөйүүгө жөн­дөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, эркек­тин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктукта­ры вируска жагымдуу шарт болуп, анын тара­лышында мааниси зор. АИЖВ адам иммуните­тин тейлөөчү кан клеткалары менен азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоцит­терге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. На­тыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жого­тот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммун­дук системанын «кыйрашына» алып келет.
Т. А. Тыналиева.