АДАМАЛИЕВ Кубанычбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАМАЛИЕВ Кубанычбек (1947, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор - 29.02.2012. Бишкек) ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (1996). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1971); ошол эле жерде окутуучу болуп иштеген. 120дан ашык илимий эмгеги балдар хирургиясына арналган, 4 окуу китебинин, 2 ойлоп табуунун автору. 1966-жылдан жазуучу катары да белгилүү. Анын «Кандаш адамдар» (1971), «Врачтын түшүнүгү» (1977), «Кечмелик» (1980), «Эненин ак сүтү» (1989) повесттер жана аӊгемелер жыйнагы, «Жүрөк кагуусун уланта берет» романы (1985), «Быйылкы жаз менин айылымда» (1973), «Шаттык» ж. б. ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн.

Эмг.: Социальные проблемы и актуальные вопросы сепсиса у детей. Б., 1993; Инфузионная терапия сепсиса у детей. Б., 1993.