АДАЛ
Jump to navigation
Jump to search
АДАЛ, х а л а л (ар. ‒ «эркин», «байланбаган») ‒ шарият мыйзамдары боюнча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маӊдай тер менен табылган киреше; 4) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы ж. б. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк, к. Арам, х а р а м.