АДАБИЙ ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ ПРОЦЕСС – бардык дүйнөлүк адабияттын белгилүү бир учурдагы, доордогу же мезгилдеги жашап турушу жана өнүгүшү. Ал өтө татаал, көп катмарлуу байланыштарда жана таасирлерде, карым-катышта болот. Адабий процесс – бул адабиятка бир эле мезгилде бир нече авторлордун келиши жана алардын эстетикалык, рухий ыймандык, гуманисттик асылдарды топтошу. Азыркы кыргыз адабий процесси мисалы, өткөн кылымдын 50-жылдарындагы адабий процесстен бир топ айырмаланат. Бул коомдун, тарыхтын, сүрөткерлердин өзгөчөлүктөрү менен байланышат. Ошондой эле адабий процессте социалдык маселеси, идеологиялык көз карашы, эстетикалык денгээли ар түрдүү чыгармалар жана формалык жактан бири-бирине окшобогон көркөм туундулар жаралат. Адабий процесстин кыймылын, негизги тенденцияларын, багытын билүү, өзгөчөлүктөрүн көрө алуу сөз өнөрүнүн тарыхын, теориясын, сынды жакшы өздөштүрүүгө байланыштуу.