АГРОӨНӨР ЖАЙ БИЗНЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОӨНӨР ЖАЙ БИЗНЕСИ ‒ азык-түлүктөрдү өнөр жайда кайра иштетүү, айыл чарбасына керектүү өнөр жай товарларын өндүрүү, сатуу, сатып алуу иш-аракеттери аркылуу киреше алуу. Бул бизнестин субъектилери өз иш-аракетинде эркин жеке менчик ээлери, өлкөдөгү мыйзамдын жана экономикалык мамилелердин негизинде рыноктук операцияларды активдүү жүргүзүү менен пайда табат. Анын субъектилери банктан кредит алып же өзүнүн капиталын пайдаланып, рыноктук мамилеге киришет. Мындай бизнеске айыл чарбасына керек техникаларды, жабдууларды сатуу жана сатып алуу, күйүүчү-майлоочу майлар, запастык тетиктер менен камсыз кылуу, айыл жеринде жашагандарды тамак-аш, кийим-кече, ар кандай керек товарлар менен жабдуу иштери да кирет.