АГРОЭКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОЭКОЛОГИЯ, а й ы л ч а р б а э к о л о г и я с ы (агро... жана экология ) ‒ экологиянын айыл чарба иш-аракетиндеги айлана-чөйрө менен адамдын өз ара карым-катышын изилдөөчү тармагы. Ал чөйрө (абиота жана биота) факторлорунун маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнө, ошондой эле алардын айыл чарба талааларында жашаган организмдер тобунун курамына жана динамикасына көрсөткөн таасирин изилдейт. Агроэкология өз алдынча илим тармагы катары Италия ИАнын (Деи Линчея) 1920-ж. берилген отчётунда эскерилет. Азыркы Агроэкологиянын негизи «Айыл чарба экологиясы» монографиясынын авторлору италиялык окумуштуу Ж. Ацци менен немец окумуштуусу В.Тишлер (1965) тарабынан иштелип чыккан. Агроэкологиянын негизги изилдөө объекти ‒ тиричилиги агрономиялык ыкмалар менен көзөмөлдөнүп туруучу жасалма экосистемалар. Биотопто өсүмдүк түрлөрү кыскарса (айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө) анда трофикалык деӊгээлдеги бардык түрлөр азаят. Адам баласы айыл чарба иш-аракетин жүргүзүүдө бир гана эӊ жогорку биологиялык продукция өндүрүү максатын коёт. Ошондуктан, адам баласынын алдыңкы техникалык каражаттарды колдонуусу химиялаштыруу аркылуу айыл чарба продукциясын өндүрүү иш-аракети менен айлана чөйрөнүн (агроценоздун) экологиялык теӊ салмактуулугун сактоо проблемалары бири-бирине карама-каршы. Бул карама-каршылыктын аягы айыл чарба продукцияларынын төмөндөшүнө алып келет. Мисалы, аймактагы жерди иштетүүдө химиялык уу заттар колдонулса, ал жердеги энтопсофагдардын, чаӊдаткыч курт-кумурскалардын санынын азайышына, агроценоздун деградацияланышына жана маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө себеп болот. Агроэкологиялык коркунучтан улам биоценологиялык ыкмалардын негизинде маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн айыл чарба технологиясынын жаӊы түрлөрү иштелип чыгууда. Мисалы, сууну үнөмдөп суугаруучу технологиялар (тамчылатып сугаруу), ген. инженерия, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык ыкмалар, жер иштетүү ж. б. Тарыхый маалыматтар көрсөткөндөй, Борбордук Америкада Х. Колумбга чейин эле аралаш жер иштетүү (жүгөрү менен кошо баобаб, ашкабак өстүрүү) ыкмалары белгилүү болгон. Мындай жер иштетүү азыркы учурда АКШда кеӊири колдолунат. Мисалы, Небраска штатында иштетилүүчү талааларда 15 катар кант кызылчасынан кийин 2 катар жүгөрү тигишет. Натыйжада шамалдан ыктоо өскөн кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 11%га, жүгөрүнүкү (СО2 газы жана күн нуру менен жакшы камсыз болгондуктан) 150%га жогору болгон. Бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшүнө көзөмөл жүргүзгөн агроэкологиялык мониторинг системасы түзүлүүдө.

Ад.: Жученко А. А. Адаптивное растениеводство. Киш., 1990; Миркин Б. М., Наумов Л. Г., Злобин Ю. А. Состояние и тенденции развития современной агроэкологии // Итоги науки и техники. Сер. Растениеводство. М., 1991.

Б. Үсөнканов.