АГРОЦЕНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОЦЕНОЗ (гр. агрожана koinos ‒ жалпы) ‒ маданий өсүмдүктөр өстүрүлгөн аймактын (талаанын, плантациянын, огороддун, бакчанын ж. б.) кыртышында жашап жаткан организмдердин көптөгөн түрлөрүнүн тобу. Агроценоз төмөндөгүдөй бөлүнөт: адамдын колу менен жасалган Агроценоз ‒ ургаалдуу пайдалануунун натыйжасында түрү өзгөрүлгөн табигый өсүмдүктөр тобунун сапаты жакшыртылганы (пландуу пайдаланган токойлор, шалбаалар); жарым-жартылай кол менен өстүрүлгөн Агроценоз ‒ өсүүсү пландуу түрдө жөнгө салынып турбаган өсүмдүктөрдүн жасалма тобу (эгилме токой аянттары, себилме көп жылдык шалбаалар); айдалма Агроценоз ‒ өсүп-өнүгүүсү адам тарабынан жөнгө салына турган өсүмдүктөрдүн коомдоштугу (бак-дарактар, плантациялар, айдоолор); ургаалдуу экме Агроценоздо ‒ кыртыш, суу, аба чөйрөсү түзүлүп, өсүп-өнүгүүсү жөнгө салынып туруучу өсүмдүктөр тобу (күнөскана өсүмдүктөрү, аэропоника, гидропоника). Адамзаттын чарба иштерин ургаалдуу жүргүзүшү табигый биоценоздордун көп түрдүүлүгүнүн кыскарышына алып келүүдө. Бул болсо атмененын газ алмашуу режимине тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба ландшафттарынын чарба иштерин туура жүргүзүү, Агроценоз түшүмдүүлүгүн жогорулатуу (өсүмдүктөрдү СО2 газы менен жетиштүү өлчөмдө камсыз кылып) ж. б. мелиорация иштерин жүргүзүү керек.

 К. Молдошев.