АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ, а г р о х и м и я л ы к к а р т а ‒ айыл чарбасына жарактуу жерлердин топурагын агрохимиялык изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротехника ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто ж­ана кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү жана өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. Агрохимия картограммасы топурактын агрохимиялык касиети 10 га же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө менен аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда Агрохимия картограммасы түзүлүшү мүмкүн. Кыргызста­нда Агрохимия картограммасы мезгил-мезгили менен жаӊыртылып турат жана агрохимиялык лаборатория аркылуу ишке ашырылат.