АГРОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОХИМИЯ, а г р о н о м и я л ы к х и м и я ‒ топурак ж­а өсүмдүктөгү химиялык процесстер, өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткич ж. б. химиялык заттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонуу закон ченемдүүлүктөрү ж­өнүндөгү илим. Ал айыл чарбасын химиялаштыруунун илимий негизи. А­нын негизги маселелери ‒ жер семирткичтердин бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн табуу, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуу, топуракка, тоютка массалык анализ жүргүзүү, жердин агрохимиялык картограммасын түзүү, дыйканчылык жан­а мал чарбасын химиялаштырууга жардам көрсөтүү. Агрохимия топурак таануу, дыйканчылык, метеорология, өсүмдүк физиологиясы жана биохимиясы, айыл чарба микробиологиясы, физика, химия менен тыгыз байланыштуу. Бөлүмдөрү ‒ өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткичтердин айрым түрлөрүн колдонуунун натыйжалуугу жана аны колдонуу ыкмалары, топуракты химиялык жол м­енен мелиорациялоо (акилештирүү, гипстештирүү), отоо чөпкө каршы күрөшүүдө химиялык каражаттарды колдонуу жана аларды изилдөө. Агрохимия илимин негиздөөчүлөр ‒ Д. И. Менделеев, К. А. Тимирязев, А. Н. Энгельгардт, А. Е. Зайкевич. Кыргызста­нда Агрохимиялык изилдөөлөр КАУда, Кыргызста­н дыйканчылык ИИИде, Республикалык топурак-агрохимия станциясында жүргүзүлөт.

Ад.: Петербургский А. В. Агрохимия и физиология растений. 2 изд. М., 1981.