АГРОТЕХНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОТЕХНИКА (агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы жана дыйканчылык технологиясы. Агротехниканын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каражатын жумшоо менен эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал айыл чарба өндүрүшүнө илим мене­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, айыл чарбасын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. Агротехника ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жан­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери менен зыянкечтерине каршы күрөшүү да кирет. Алгачкы замандарда Агротехника өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­ана кол эмгегине негизделген. 19-кылымда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн илимий жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы жан­а жер семирткичти пайдалануу, айыл чарба иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­өнүндөгү Агротехникалык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу мене­н кээ бир Агротехникалык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо) механикалаштырылган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­енен камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жана вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б-дан турган Агротехникалык комплексти пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына жана климаттык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мисалы, жаан-­чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү менен Агротехникалык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо Агротехника менен айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­ана айыл чарба азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.