АГРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРОНОМИЯ (агрожана гр. nomos ‒ мыйзам) ‒ айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана талаачылык, жерди натыйжалуу пайдалануу, топурактын күрдүүлүгүн жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттыруу жөнүндөгү илимдер комплекси. Табият таануу илимдеринин, техникалык прогресстин жетишкендиктери, коомдун айыл чарба азыктарына болгон талабы, дыйканчылык маданиятынын жогорулашы Агрономиянын чечүүчү маселелерин кеӊитип, анын тармактарынын (дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, селекция, агрохимия, агрофизика, үрөнчүлүк , фитопатология, энтомология, айыл чарба экономикасы жана аны уюштуруу ж. б.) пайда болушуна алып келди. Агрономия азыр айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүү жана андан мол түшүм алуу жолдорун кеӊири изилдөөчү комплекстүү илимге айланды. Агрономия жалпы биология, өсүмдүк физиологиясы, топурак таануу, айыл чарба метеорологиясы, генетика, микробиология, биохимия ж. б. табият илимдерине таянуу менен түрдүү ыкмаларды (химиялык, физиологиялык, радиоактивдүү изотоптуу биофизика ж. б.) колдонуп, эксперименттик маалыматтарды алат, лабораториялык, вегетациялык жана талаа тажрыйбаларын жүргүзөт. Агрономия байыркы илимдердин катарына кирет. Алгач дыйканчылык боюнча тажрыйбалар укумдан тукумга оозеки өтүп келген. Бул илим байыркы чыгыш өлкөлөрүнөн (Египет, Месопотамия, Индия, Кытай) Байыркы Грекия жана Римге тараган. Дыйканчылык тажрыйбалары Аристотель, Вергилия, Колумелла ж. б-дын эмгектеринде да чагылдырылып, ошол учурдагы жер семирткич, топурак иштетүү, отоо чөпкө каршы күрөшүү жөнүндөгү түшүнүктөр жазылган. Орто кылымдарда Батыш Европада дыӊ жер дыйканчылыгы буулантма дыйканчылыкка, ал эми 18-кылымдын 2-жарымында буулантма дыйканчылык системасы үрөн алмаштыруу системасына өткөн. Шаар калкынын өсүшү жана илимий-техникалык прогресстин натыйжасында Батыш Европа өлкөлөрүндө Агрономия ургаалдуу өнүгө баштаган. Немецтик окумуштуу Ю. Либихтин өсүмдүктүн азыктанышы жөнүндөгү жаӊы теорияны ачышы (бирок ал өсүмдүктүн азот менен азыктанышына анча маани берген эмес) агрохимиянын өнүгүшүнө чоӊ көмөк болгон. Ошондой эле Г. Гельригелдин чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоздун тажрыйбада далилдеши Агрономиянын өнүгүшүнө чоӊ салым кошкон (1886). Анын андан ары өөрчүшү 19-кылымдагы энергиянын сакталуу закону, тирүү материянын клеткалык түзүлүш теориясы, Г. Менделдин тукум куугучтук теориясы (1865), Ч. Дарвиндин органикалык дүйнөнүн эволюциясы жөнүндөгү окуусу ж. б. ачылыштарга түрткү болгон. Россияда илимий Агрономиянын калыптанышы 18-кылымдын ортосуна туура келет, топурак, анын пайда болушу жана өрчүшү жөнүндөгү илимди, ошондой эле топурактагы процесстерге өсүмдүк, микроорганизмдердин, адамдын чарбалык иш-аракетинин тийгизген таасирин, кара топурактуу талаанын күрдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун ачууда В. В. Докучаев, П. А. Костычев ж. б-дын салымы чоӊ. Өсүмдүк, топурак жана жер семирткичтин өз ара таасир этүү механизмин изилдөө жана анын негизинде айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүү жолдорун иштеп чыгууда Д. Н. Прянишниковдун, өсүмдүктүн тамыр аркылуу жана абадан азыктануу теориясын ачууда К. А. Тимирязев нитрификация процессин пайда кылуучу бактерияны жана атм­осферадан азот сиӊирип алуучу микроорганизмдерди изилдөөдө С. Н. Виноградский чоӊ салым кошкон. 20‒21-кылымдарда илимий-техникалык прогресстин ургаалдуу өсүшү жана эл аралык байланыштын кеӊейиши бүткүл дүйнө боюнча Агрономиянын тез өнүгүшүнө алып келди. Табият таануу тармагындагы көптөгөн ачылыштар Агрономияда биотехнологияны (анын ичинде генетикалык жана клеткалык инженерияны) пайдаланып, анын жардамы менен өсүмдүктүн түшүмдүү, илдетке туруктуу жаӊы сортун алууга мүмүкүндүк түзүлдү. Кыргызста­нда Агрономия боюнча илимий иштерди Кыргыз мамлекеттик агрардык университети, Кыргызста­н дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызста­н топурак таануу ж­а айыл чарбаны химиялаштыруу илим-изилдөө ин­ституту, Кыргызста­н тоют ж­ана жайыт илим-изилдөө технология ин­ституту ж. б. жүргүзөт.

Ад.: Гаврилов А. М. Введение в агрономию. М., 1980. Каштанов А. Н., Лисецкий Ф. Н., Швебс Г. И. Основы ландшафтного ‒ экономического земледелия. М., 1994; Мамытов А. М. Почвенные ресурсы и вопросы земельного кадастра Киргизской ССР. Изд. 3. Б., 1996.

Н.А. Карабаев.