АГРЕГАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРЕГАТТАШТЫРУУ ‒ 1) геометриялык жана функционалдык өз ара алмаштырыла турган машина, прибор, жабдууларды жайгаштыруучу ыкма. Агрегатташтыруу долбоорлоону жана буюмдарды жасоодогу жумушту жеӊилдетет, алардын сапатын жогорулатат, агрегаттык оӊдоо жүргүзүүгө, эскирген бөлүктөрдү жаӊылатууга мүмкүндүк берет; 2) агрегатты машинага же айрым бир машинаны агрегатка бириктирүү.