АГРЕГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРЕГАТ (лат. aggregatus ‒ бириктирген) ‒ кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. Агрегаттын түрлөрү: 1) машинанын Агрегаты ‒ технологиялык процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мисалы, электр кыймылдаткыч, насос ж. б.); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын механикалык бирикмеси (мисалы, айдоо Агрегаты трактор, соко ж. б.); 3) минералдардын жана алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мис., кварцтын, слюданын Агрегаты).