АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ
АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ‒ илимий өндүрүштүк мекеме. КРдин Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы жана КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому менен КРдин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кыргызстан дыйканчылык ИИИ, А. Дүйшеев атындагы Мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИ, Ирригация ИИИ, Агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр жай ИИИ, «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперименттик чарбалар, таяныч пункттары жана мамлекеттик асыл тукум мал заводдору кирген. Борбор негизинен агрардык тармакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтып жана аларга кеӊеш берген; илимий өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум жана башкаларды уюштурган; агрардык илимдин жетишкендиктерин пропагандалаган жана жайылткан жана башка Кыргызстанда агрардык илим тармагында жалпысынан 280 илимий кызматкер (анын ичинде 2 академик, 1 корреспондент-мүчө) эмгектенген. Борбордун институттарында жети адистик боюнча докторлук жана кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертациялык кеӊеши иштеген. Борбор илим-изилдөө тармагында Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттеринин ИИИтары, университеттери, эл аралык ICARDA (Сирия), CYMMYT (Мексика), IPGRI (Италия), GFAR (Италия), ICBA (Сауд Аравиясы) жана башка илим-изилдөө борборлору менен тыгыз байланышта болгон. Бул борбор 2005-жылдын аягында ишин токтоткон.
А. С. Ажибеков .