АГРАРДЫК ИЛИМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГРАРДЫК ИЛИМДЕР ‒ айыл чарба өндүрүшүн, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү тармагын илимий, илимий-инновация жактан камсыз кылуучу жана кеӊеш берүүчү илимдер комплекси. Агрардык илимдердин илимий-изилдөө натыйжаларын өндүрүшкө жайылтуучу колдонмо (практикалык) илимдер тармагына кирет. Агрардык илимдердин теориялык негизин биология, генетика, химия, физика, топурак таануу, метеорология, география ж. б. табигый илимдер түзөт, анын ичинде шарттуу түрдө агрономия, зоотехния, ветеринария, инженердик-техника жана агрардык экономика болуп бөлүнөт. Кыргызстанда анын ичинде негизинен Мекен таануу институтунун топурак-ботаникалык жана зоотехния станцияларынын базасында Мал чарба ИИИ (1931) уюшулгандан баштап өнүгө баштаган. Республиканын агрардык өнөр жай комплексин илимий жактан камсыздоо ишин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ИИИлер аткарып, тажрыйба жүргүзүү иштери 11 мамлекеттик асыл тукум мал заводдорунун, 7 алгачкы үрөнчүлүк чарбаларынын базасында жүргүзүлөт.