АГЛОПОРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГЛОПОРИТ ‒ жеӊил бетон үчүн майда көӊдөйчөлүү жасалма толтургуч. Ал чополуу тектерди (куймалуу чопо, чополуу кум, лесс сымал чопо) жана сланецтүү көмүрдү казуудан, ылгоодон, күйгүзүүдөн калган таштандыларды (күл, шлак) 1400‒1500°С температурада иштетүү аркылуу алынат. Мында көзөнөкчөлүү жеӊил катмар пайда болот жана ал муздаганда майдаланып, шагыл менен кумга айланат. Аглопориттен үйдүн негизги жөнөкөй тосмолору, жылуулук өткөрбөөчү толтургучтар үчүн конструкциялар жана конструкциялык-жылуулук өткөрбөөчү бетон (анын орточо бышыктыгы 20‒30 МПа) даярдалат.