АГЕСИЛАЙ II
АГЕСИЛАЙ II (биздин заманга чейин 444‒358, Мармарика) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы жана дипломат. Биздин заманга чейин 396‒394-жылдарда Кичи Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта менен Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, Агесилай Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Биздин заманга чейин 387‒386-жылдарда Анталкид тынчтыгы боюнча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин Агесилай Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында биздин заманга чейин 361‒360-жылдары Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген жана династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. Ал Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.