АГА ХАН IV

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГА ХАН IV, п р и н ц К а р и м ш а х (13. 12. 1936-жылы туулган, Швейцария, Женева ш.) ‒ шиит-исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (1957-жылдан). Ага хан IV Мухаммед пайгамбардын бир тууганынын уулу, күйөө баласы Али ибн Абу Талиб жана кызы Фатима аркылуу пайгамбардын тике мурасчысы катары саналат. Ал чоӊ атасы Ага Хан III Султан Мухаммад Шахтын ишин улантып, коомдук жана саясий иштерге жигердүү катышууда. 1967-жылы Ага Хан IV Фонду жеке, коммерциялык эмес, эл аралык өнүктүрүү агенттигин негиздеген. Фонддун максаты ― адамдык, финансылык жана техникалык ресурстарды мобилизациялоо аркылуу Түштүк жана Борбордук Азиядагы, Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы калктын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүү, коомдук уюмдарды уюштуруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарын өнүктүрүү ж. б. маселелерин ишке ашыруу. Ага Хан IV Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен 1995-жылы келген. 2001-жылы КР менен Исмаилиттер имаматынын ортосунда Кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн.

АГА ХАН IV3.png

Натыйжада Ага хан фонду эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2005-жылдан Бишкекте иш жүргүзө баштаган. Ага Хандын колдоосу менен 2000-жылы дүйнөдөгү биринчи эл аралык артыкча укугу бар Борбор Азия Университети (БАУ) уюшулган. БАУнун университет шаарчалары Нарында (Кыргызстан), Хорогдо (Тажикстан), Текелиде (Казакстан), ошондой эле Ош шаарында Ага Хан орто мектеби (2002) ачылган.